• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда климат боюнча эл аралык конференция өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Координациялык Кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.
Иш чарада Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылы айлана чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча эл аралык конференция жана Тоолуу өлкөлөрдүн дүйнөлүк форумун уюштуруу тууралуу демилгеси жарыяланды. Иш чаралар 23-октябрда белгиленген Ак илбирс күнүнө арналат.
Вице-премьер-министр С.Муканбетов Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө катары бүгүнкү күндө глобалдык жылуулук шартында атмосферанын температурасын сактап калууда өзүнүн татыктуу салымын кошууда деп белгиледи.
«Ошол эле учурда тоолуу климаттын био ар түрдүүлүгүн сактоого салым кошуу менен республика глобалдык жылуулуктун күчөп келе жаткан таасирлерине кабылууда. Бүгүн биз бир өлкөдөгү жаратылышты колдонуу таасири башка өлкөнүн жаратылышына кандайча таасир берип жатканына күбө болуудабыз. Биз бул тууралуу климатты сактап калууга камкордук көргөн прогрессивдуу коомчулукка билдирүү жасагыбыз келет», - деп белгиледи ал.
Ошондой ал өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күн тартибинде Мамлекеттик инвестициялар программасынан тышкары гранттык жардамдардын бардыгын каттоодон өткөрүү боюнча чараларды кабыл алуу маселеси тургандыгын маалымдады.
«Долбоорлорду даярдоо стадиясынан баштап ишке ашыргандан кийинки натыйжалуулугун аныктаган документ иштелип, кабыл алынат. Бул өлкөдө гранттык жардамдарды колдонуу боюнча жоопкерчилик жогорулап жатат дегенди түшүндүрөт. Жада калса кичи жана кыска мөөнөттүү долбоорлордун дагы мааниси чоң экендигин түшүнүүгө убакыт келди, анткени, кичи нерседен баштоонун өзү – прагматикалык кадам. Долбоорлор изин жоготуп, жыйынтыктары чыкпай калбагандай болушу маанилүү», - деди вице-премьер-министр.
Андан тышкары жолугушуунун катышуучулары форумга даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Белгилүү болгондой, Премьер-министрдин демилгесин Борбор Азиядагы Университеттин атынан Швейцариялык Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Башкармалык колдоого алды. Ага регионалдык долбоорлор боюнча координаторунун атынан эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык коомчулук (GIZ) кошулду.
Жолугушунун жыйынтыгында башка донордук мекемелер өкүлдөрүнүн катышуусунда иш чара өткөрүү боюнча уюштуруу комитетти түзүү үчүн катышуучуларга концептуалдык документти иштеп чыгуу жана жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Маалымат иретинде:
Кыргыз Республикасы климаттык өзгөрүү боюнча БУУнун Рамкалык Конвенциясына 2000-жылдын 14-январындагы №11 КР мыйзамы менен кошулган, 2003-жылдын январында Киоттук протоколго кол койгон өлкөлөрдүн катарына кирсе, 2016-жылдын сентябрында климат боюнча Париждик келишимге кол койгон. Кыргыз Республикасы ак илбирсти сактап калуу боюнча демилгенин активдүү катышуучусу болуп саналат.
Дүйнөлүк тоо форуму «Глобалдык өзгөрүүлөр үчүн туруктуу тоолор өнүгүүсү» глобалдык программанын алкагындагы Швейцариялык Өнүктүрүү жана кызматташуу боюнча Башкармалыктын (SCD) демилгеси болуп саналат жана климаттык, экологиялык жана социалдык-экономикалык чөйрөнүн өзгөрүү шарттарына карабастан, тоолуу региондордогу туруктуу өнүктүрүүгө салым кошуу максатында өткөрүлөт. Дүйнөлүк тоо форуму 2001-жылдан тарта дүйнөнүн ар түрдүү тоолуу аймактарында өткөрүлүп келет, анын алгчкысы – Люцернде (Швейцария), кийинки форумдар 2014-жылы – Кускодо (Перу) жана 2016-жылы Мбалада (Уганда) өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий