• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке киргизүүгө старт берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров жана Бириккен Араб Эмираттарынын министрлер кабинетинин атаандаштык жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары, Атаандаштык боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Нассер Лута «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке киргизүүгө старт берди.

Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президенттин администрациясынын кызматкерлеринин эмираттык кесиптештери жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен бирге 2 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча өттү.

Биринчи этапта 100 күндүн ичинде үч багыт боюнча долбоорлор ишке ашырылат:
1. Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;
2. Кыргыз Республикасында электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;
3. Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.

Белгилей кетсек, «Өкмөттүк акселераторлор» программасы бул –Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат, ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.

Пикир

Оставить комментарий