• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда өкмөттүн курамын бекитүүдө аялдарды көбүрөөк кызматка тартуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги өкмөт мүчөлөрүн дайындоодо гендердик квотаны орнотуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Ведомствонун маалыматында, саясий (эркектердин саны аялдардын санынан 7 эсе жогору) жана атайын (1,6 эсе) кызматтардын деӊгээлинде кыйла көбүрөөк теӊдемсиздик байкалып жаткан факты өзүнө көӊүл бурдурбай койбойт. Муниципалдык кызматтардагы саясий кызмат орундарында теӊдемсиздик жогору: 513 кызмат ордуна аялдардын 20 же 3,8%ы гана аралашат.

Мыйзам долбоорунда төмөкүдөй норманы жазуу сунушталат: Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер бир жыныстагы адамдарынын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын Жогорку Кеңешке киргизет.

Пикир

Оставить комментарий