• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда КМШ өлкөлөрү арасындагы эң мыкты Эмгек кодекси иштейт

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн арасында эң мыкты Эмгек кодекси иштейт. Бул тууралуу Авиа кызматкерлердин профсоюзунун республикалык комитетинин төрагасы Каныбек Калмурзаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жакында эле өлкөбүздө Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү аракети болгон.

"Бирок биз ал өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берген жокпуз. Себеби анда кул ээлөөчүлүк принциптер болгон. Албетте, компанияларга кызматкерлери 14-16 саат иштегени пайдалуу. Ошондой эле кош бойлуулукка байланыштуу өргүүнү да алып салууга аракеттенишкен. Бул туура эмес. Профсоюздар федерациясында ар кайсы тармактарда иштеген кызматкерлердин укугун коргогон бөлүмдөр, ошондой эле эмгекти коргоо бөлүмдөрү иштейт. Иштер жасалып жатат. Биздин кызматкерлер бизге жардам сурап кайрылып, бизден колдоо алышууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий