• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун VIII "Үмүт" форуму аяктады

Маданият 0

Бишкек, 25.12.20. /Кабар/. 25-декабрда КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун VIII "Үмүт" форумунун жеңүүчүлөрү сыйланды, - деп билдирет Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы.

Улуттук сынактын жеңүүчүлөрү:

- Эң мыкты тасма үчүн сыйлык Чыңгыз Самудин уулу тарткан "Кыял" тасмасы;

- Мыкты режиссура үчүн сыйлык "Кат" тасмасын койгону үчүн Алымбек кызы Айзада;

- Калыстар тобунун атайын сыйлыгы режиссер Чыңгыз Сулумбековдун "Күн карама" тасмасы;

- Калыстар тобу тарабынан өзгөчө бааланган диплом Режиссер Кайратбек Азимбаевдин "Кара Жыгач" тасмасына ыйгарылды.

Россотрудничество сыйлыктары төмөнкүлөргө берилди:

- Мээрим Догдурбекова - "Мергенчи";

- Фериде Созонбаева - "Момундук";

- Турсун Мамыралиев "Туке" тасмасынын каарманы, режиссер Жаныш Дадабаев.

Кинематографисттер союзунун сыйлыгы Кайратбек Азимбаевге "Кара Жыгач" тасмасы үчүн берилди.

Улуттук конкурстун калыстар тобу Эдуард Новиков, Мария Костюкович, Виктор Ли-Фу.

Эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү:

- Эң мыкты тасма үчүн сыйлык режиссер Дмитрий Давыдов, "Дарыя" тасмасына ыйгарылды, Саха Республикасы (Якутия);

- Мыкты режиссерго сыйлык "Айтал" тасмасын жаратканы үчүн Владимир Мункуев, Саха Республикасы (Якутия);

- Калыстар тобунун атайын сыйлыгы режиссер Данте Рустав, Өзбекстан тарабынан тартылган "Баскынчылык" тасмасы;

Режиссер Алишер Жадыгеров (Казакстан) тарабынан тартылган "Карантин" тасмасы, өзгөчө эскерүү диплому тапшырылды.

Россотрудничество сыйлыктары төмөнкүлөргө берилди:

- Ани Оганесян - "Лейлек уясынын астында", Армения;

- Шакир Холиков - “Дүйнөлүк вирус адам табияты”, Өзбекстан;

- Данияр Абиров - "Балапан", Кыргызстан.

Кинематография департаментинин сыйлыгы режиссер Данияр Абировдун "Балапан" тасмасына тапшырылды.

Эл аралык конкурстун калыстар тобу:

Султан Усувалиев - калыстар тобунун төрагасы, Асел Шерниязова, Нуржамал Карамолдоева, Жазгүл Ибраимова, Самара Сагынбаева.

Быйыл форум Ким Ки-Дуктун элесине арналды.

Пикир

Оставить комментарий