• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын VIII “Үмүт” форуму старт алды

Маданият 0

Бишкек, 22.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-декабрда Ала–Тоо кинотеатрында КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын VIII “Үмүт” форуму старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын расмий ачылышына маданият министри Нуржигит Кадырбеков, жалпы Кыргызстандын киноиндустриясынын өкүлдөрү, Кыргызстан, Казакстан, Россия, Белоруссия, Өзбекстан жана Армениядан келген жаш киночулар катышты.

Бул форум КМШ мамлекеттеринин кинематография жаатындагы режиссёрдук жаңы ысымдарды табуу, таланттуу жаштарды колдоо, кинематография жана маданият жаатында диалогун өнүктүрүүгө шарт түзүү максатын көздөйт.

Форумдун программасында кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар көрсөтүлүп, талкуулар, мастер-класстар жана белгилүү кино ишмерлери менен чыгармачыл жолугушуулар өткөрүлөт.

Форумда сынак эки багытта каралат. Алар КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун эл аралык конкурсу – жалпы 14 кино катышат. Ал эми Улуттук жаш кинолоруна жалпы атамекендик 17 тасма көрсөтүлүп, калыстар тобунун элегинен өтүп, байгелер тапшырылат.

Форумдун салтанаттуу жабылышы 24-декабрда саат 17:00дө болот. Анда белгилүү россиялык актриса Виктория Толстоганова башкы ролду ойногон «На дальних рубежах» (Россия) тасмасы көрсөтүлөт. Тасманы режиссер Максим Дашкин сунуштайт. Тасма Россиянын Кыргызстандагы аскер базасында тартылган.

Белгилей кетсек, форум Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КМШ мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтыктын фондунун, чыгармачыл жогорку окуу жайлардын жана республиканын коомдук уюмдардын колдоосу менен өтүп келет.

Пикир

Оставить комментарий