• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн эл аралык спорттук оюндары өтөт

Спорт 0

Бишкек, 27.08.21 /Кабар/. 2021-жылы 4-12-сентябрь аралыгында Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн эл аралык спорттук оюндары өтөт. Спорттук иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн, Кытай, Монголия жана Пакистандан профессионал эмес спортчулар катышат.

Бул чоң иш-чарага катыша тургандардын саны 2 миңден ашат. Алардын бары өз өлкөлөрүндө алдын ала тандоо турларынан өтүшкөн жана Ысык-Көлдө спорттун 20 түрү боюнча күч сынашат: дартсу, кичи-футбол, таяк тартыш, стол тенниси, сууда сүзүү, волейбол, стритбол, армрестлинг, гир спорту, жеңил атлетика, аркан тартыш, массалык чуркоо жеңил атлетикасы, кум үстүндөгү футбол, күрөш, кум үстүндөгү регби, сумо күрөшү.

Салттуу беттештер менен катар спортчулар улуттук “Алыш” бел боо күрөшү боюнча күч сынашып, “Баатыр Ысык-Көл” сынагына катышышат. Беттеш ар кандай курактык топтордо эркектер жана аялдар арасында өтөт.

Мелдештин урааны - "Азия - шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы" - Кыргызстанда спортчулар гана эмес, машыктыруучулар менен кесипкөй коомчулуктун эксперттери чогулуп, алар массалык спортту өнүктүрүүнүн жана жайылтуунун келечегин талкуулашат. КМШ өлкөлөрүнүн атактуу спортчулары мелдештин ардактуу коноктору.

Турнир КМШнын Мамлекетер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун колдоосу менен Кыргызстандын дене тарбия жана спорт агенттиги жана профсоюздардын ыктыярдуу дене тарбия жана Кыргызстандын дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан уюштурулууда.

Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи 2021-жылы 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы “Каприз” эс алуу борборунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий