• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда KOICA агенттигинин эсебинен маалыматтарды иштеп чыгуучу заманбап борбор курулат

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) эсебинен маалыматтарды иштеп чыгуучу заманбап борбор курулат. Бул тууралуу маалымат жыйында “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин директору Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы “Түндүк” мекемеси KOICA агенттигине грант алуу боюнча билдирүү жиберген.

“2020-жылы грант бөлүп берүү боюнча меморандумга кол коюлган. Долбоордун алкагында жардам бир гана электрондук өкмөттү өркүндөтүү жана эксперттик колдоого жумшалбастан, ошондой эле заманбап маалымат борбору курулат. Бул биринчи максат болгон", - дейт ал.

Кутнаева долбоордун наркы 5 млн долларды түзөрүн айтат.

“Бул каражаттар акча түрүндө эмес, жабдык жана эксперттик колдоо түрүндө келет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий