• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда койлорго электрондук "чип" тагыла баштады

Коом 0

Бишкек, 10.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда койлорго электрондук "чип" тагыла баштады, бул койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз эт-май багытындагы "Арашан" породасындагы койлорго электрондук бирка "чип" тагылып, атайын чыгарылган малымдоого киргизилип, асыл тукум карточкалары толтурулду.

Эске салсак, Кыргыз “Арашан” эт-май багытындагы породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда фермердик мал чарбасында чыгарылган. Учурда мындай порода өлкө боюнча 5800дөй кой бар. Козуларынын болжолдуу баалары 500 АКШ доллар, ал эми койлору 5000 АКШ доллардан жогору.

Бул “Арашан” эт-май багытындагы жаңы кой породасын каттоо ишине 33 фермерлер жана илимий адистери активдүү катышып, авторлукту алышкан.

Маалымат үчүн: “Чип”-анча чоң эмес электрондук каражат, анын жардамы менен койлорго аралыктан идентификациялоо жүргүзүүгө мүмкүн. Чип киргизүүнүн алдында койлор толук көзөмөлдөн өткөрүлөт, бул жараян электрондук маалымдамага киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий