• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда коммерциялык банктардын пайдасы дээрлик 3 эсеге өстү

Экономика 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-март айларында финансы секторунун уюмдарынын кирешелери 30 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин билдиришти.

Ведомстводон кабарлашкандай, аталган көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 24%га көбөйдү, бул коммерциялык банктардын кирешелеринин өсүшү менен камсыздалды. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 1,5 эсеге көбөйдү жана 18,6 млрд сомду түздү.

2023-жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 632 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 357 күрөөкана, 142 микрокредиттик уюм, 93 кредиттик бирикме, 15 камсыздандыруу компаниясы жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.

2023-жылдын январь-март айларында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 63%ын түздү, ал эми уюмдардын 16%ы чыгым тартты.

2023-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 11,6 млрд. сом суммасында сальдолоштурулган пайда алынды, анын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен бир аз эле (1,2%га) азайды. Пайданын өсүшү коммерциялык банктарда, камсыздандыруу уюмдарында жана кредиттик уюмдарында байкалды, ал эми анын төмөндөшү - Улуттук банкта байкалды.

Финансы секторунун жалпыланган кредиттик портфели 2023-жылдын I кварталынын аягына карата 245 млрд сомдон ашты, мында анын көлөмүнүн 85,5%ы банктык кредиттөөгө туура келди.

Финансы секторунун кредиттик портфелинин тармактык түзүмүндө мурдагыдай эле соода чөйрөсүндө (жалпы көлөмдүн 25%ы), керектөөчү кредиттөөдө (21%га жакын) жана айыл чарбасында (19%га жакын) кредиттердин жогорку топтолушу байкалды.

Пикир

Оставить комментарий