• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коомдук уюмдардын саны 22 миңге жетти

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Статистикалык бирдиктердин Бирдиктүү мамлекеттик регистринин (СББМР) маалыматтары боюнча, 2020-жылдын аягына карата Кыргызстандын аймактарында 22 миңге жакын коомдук уюм катталган, бул 2016-жылга салыштырмалуу дээрлик 15% көп.

Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук уюмдардын эң көп саны Бишкек шаарында (жалпы алардын санынын 34,2%), Ош жана Жалал-Абад облустарында (12,5%), ошондой эле Чүй облусунда (11,2%) катталган.

2020-жылы катталган коомдук уюмдардын жалпы санынын 6 миңги же 27% ишмердигин жүргүздү. Аларда иштеген жылдык орточо кызматкерлердин саны 17 миңге жакын адамды түзгөн, ал эми мүчөлөрүнүн саны миллион адамдан ашкан.

2020-жылы коомдук уюмдар менен 14 млрд. сомго жакын суммасында финансылык ресурстар алынды, бул 2019-жылга караганда 16% аз, бирок 2016-жылга караганда 1,7 эсеге көп.

Финансылык каражаттардын негизги үлүшү кайрымдуулук каражаттар, демөөрчүлүк жардам жана кайыр садага түрүндө (алардын жалпы көлөмүнүн 58%) жана максаттуу финансылоо каражаттарынан (20%) келип түшкөн. Мындан тышкары, олуттуу суммалары дипозиттердин кирешелеринен, мүчөлүк төгүмдөр түрүндө жана кызмат көрсөтүүлөрдөн келип түшкөн.

2020-жылы коомдук уюмдардын чыгымдары 10 млрд. сомду ашты, бул 2019-жылга караганда дээрлик үчтүн бирине аз, бирок 2016-жылгы караганда 1,4 эсеге көп.

Жумшалган каражаттардын эң көп суммалары демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамга (жалпы пайдаланылган каражаттардын суммасынын 24,4%), эмгек акыны төлөөгө жана социалдык муктаждыктардын чегеримдерине (23,4%), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө (13,5%) багытталды.

Пикир

Оставить комментарий