• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда коомдук жайлардагы кылмыштардын саны 16%га азайган

Коом 0

Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда 3,5 миң милиция кызматкери күн сайын коомдук жайларды күзөтөт. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, күн сайын 3,5 миң милиционер коомдук жайларга, эл көп чогулган жайларга барып, коомдук тартипти жана одоно бузуулардын алдын алуу максатында 1 миң 200 багытта иш алып барат.

"Коомдук жайлардагы кылмыштардын саны 16%га азайган. Былтыр 1 миң 368 кылмыш катталса, быйыл 1 миң 147 кылмыш катталган", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий