• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда кооперативдердин саны азайды - депутат

Экономика 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Кыргызстандагы кооперативдер бир орунда турат же артка жылат. Бул тууралуу Экинчи эл аралык кооперативдерди өнүктүрүү форумунда Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, кооперативдер чыгарган өндүрүш аябай аз.

“Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2006-жылда болгон кооперативдердин саны 1 миң 240ты түзгөн. Бул көрсөткүч 2016-жылы 340 кооперативди түздү. Кыргызстанда 4 миң 840 адам өздөрүн дыйкандарга киргизет. Өлкөдөгү 3 пайыз айдоо жери кооперативдердин жерине кирет”, - деди Жапаров.

Ал быйыл өкмөттүн жетекчилиги “Айыл банктын” жана “РСК банктын” капиталын көбөйтөрүн билдирди. Анын натыйжасында банк аймактардагы долбоорлорду жана дыйкандарды каржылоо үчүн насыя портфелин көбөйтө алат.

“Ушуга чейин кепилдик бөлүгүнүн көйгөйү чечиле элек, дыйкандарга бул маселени чечүү көйгөйлүү болду. Азыр муну Кепилдик фондунун каржылоосун көбөйтүү менен чечүүгө болот. Ал насыянын кепилдик бөлүгүн чечүүгө жардам бере алат”, - деди Жапаров.

Ал ошондой эле өлкөнүн жетекчилиги жана Жогорку Кеңеш көйгөйдү чечүүгө тиешелүү мыйзам долбоорлорун кабыл алып жардам берүүсү үчүн дыйкандар КРдагы кооперативди өнүктүрүү үчүн керектүү каражаттар тууралуу айтышы керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий