• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда «Коопсуздук-2022» жана «Түштүк-2022» машыгуулары аяктады

Аймак 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-майда Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында «Коопсуздук-2022» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары жана «Түштүк-2022» комплекстүү мобилизациялык машыгуулары аяктады. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Машыгуунун активдүү фазасынын жүрүшүнө КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаев байкоо жүргүздү.

Машыгуунун активдүү фазасынын жүрүшүндө республиканын аймагына кирип келген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция жүргүзүлүп, регионго киргизилген аскердик абалдын шарттарында практикалык резервдик роталарды түзүү менен кырдаалды турукташтыруу боюнча милдеттер иштелип чыкты, жана ошондой эле Ош, Ноокат жана Ала-Бука шаарларынын резервдик роталары менен күжүрмөн ок атуулар өткөрүлдү.

Мындан тышкары, машыгуулардын сценарийи боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү менен 2-деңгээлдеги аскердик-талаа госпиталы жайгаштырылып, стратегиялык объектилерди кайтаруу жана коргоо уюштурулуп, резервдик бөлүктөрдүн күчү менен блокпосттор коюлду.

КР Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер, Саламаттык сактоо министрликтеринин жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүкчөлөрү калкты эвакуациялоо, фильтрация пункттарын жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарын жайылтуу боюнча иш-аракеттерди көрсөтүштү.

Машыгуу жыйынтыктарды чыгаруу менен аяктап, эң активдүү катышуучулар ведомстволук медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий