• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанга Кореядан унаа тетиктери мыйзамсыз ташылып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Кыргызстанга Кореядан жаңы унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүүгө фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

“Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери тарабынан “А.Б.У” ЖЧКсынын дарегине Кореядан Hyundai, Land Rover, Spain автоунаасы, автоунаа тетиктери жана кыймылдаткычтар келип түшкөнү аныкталган.

Унааны текшерүү учурунда декларацияланбаган 4444 даана унаа тетиги табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 5592 кг түзгөн.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий