• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус аныкталса кантип дарылашат – Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгеринин жообу

Ден соолук 0

Бишкек, 15.03.20. /Кабар/. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев «Кабар» агенттигине Кыргызстанда коронавирус аныкталса, өлкө канчалык деңгээлде даяр экендиги тууралуу маалымат берди.

Аалиевдин айтуусунда, өлкө боюнча 1800 орун даярдалган, керектүү дары-дармектер бар жана адистер даяр.

«Азырынча коронавируска каршы атайын дары жок. Ошондуктан биз бейтаптарды курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекцияга каршы дарылар менен дарылайбыз. Дене табы жогорулап же жөтөл болуп жатса, анда жөтөлдү басаңдатуучу жана дене табын түшүрүүчү тиешелүү дарыларды беребиз. Антибиотиктерди да колдонобуз», - дейт ал.

Ошондой эле башкы дарыгердин маалыматына караганда, өпкөсү сезгенип, дем алуусу кыйындаган бейтап кайрылса, анда ооруканада жасалма дем алдыруучу 12 аппарат бар.

Аалиев коронавирус чыккан өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген жарандар аны жашырбай, тескерисинче сөзсүз текшерүүдөн өтүүгө чакырды.

«Ар бир инсан өз жоопкерчилигин сезүүсү керек. Анткени, бир адам жүз адамга илдетти жуктуруп коюшу мүмкүн. Ошондуктан дагы кырдаалдын олуттуу экендигин түшүнүш керек », - деп баса белгиледи Аалиев.

Пикир

Оставить комментарий