• 79.5
  • 81.44
  • 1.25

Кыргызстанда коронавирус боюнча күнүмдүк статистика жарыяланбай турган болду

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус боюнча күнүмдүк статистика азырынча жарыяланбайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Статистиканын жарыяланбай калышы өлкө аймагында оорунун басаңдашы менен түшүндүрүлөт.

“Эгер оорунун жаңы учуру каттала турган болсо статистикалык маалыматтар кайра бериле баштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий