• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирус дагы 17 адамдан табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 30-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 17 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 746 адамга жетти.

"Жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында - 3, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1, Чүй облусунда - 9 жана Нарын облусунда - 1 учур бар", - деп билдирди Акматова.

Пикир

Оставить комментарий