• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус дагы 439 адамдан табылып, 3 киши каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 439 адамдан табылып, 3 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 166, Ош шаарында - 17, Чүй облусунда - 55, Ош облусунда - 24, Талас облусунда - 17, Нарын облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда - 45, Жалал-Абад облусунда - 52, Баткен облусунда 52 адам жуктуруп алган.

Ошол эле учурда бир күндө 512 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте - 118, Ош шаарында - 33, Чүй облусунда - 57, Ош облусунда - 77, Талас облусунда - 8, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда - 23, Жалал-Абад облусунда - 108, Баткен облусунда 86 киши айыкты” – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле коронавирустан бир күн ичинде 3 киши каза болгон: үчөө тең Бишкек шаарында.

Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн стационарларында 3 миң 478 бейтап, үй шартында 3 миң 615 киши дарыланууда.

Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча 1 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда үй карантининен 9, стационарлардан 2 медицина кызматкери айыгып чыгарылган. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктурган жалпы 3 миң 635 учур катталды, алардын ичинен 3 миң 398 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 61 миң 748ди түзөт. Алардын ичинен 52 миң 855 адам айыгып чыккан, 1 миң 170 киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий