• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КРда коронавирус эпидемиясы башталгандан тарта 3 миң 242 экономикалык ишмердүүлүк субъектилерине айыппул салынды

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан тарта санитардык-карантиндик нормаларды сактабагындыгы үчүн 3 миң 242 экономикалык ишмердүүлүк субъектилеринин жетекчилерине айыппул салынды. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Асылбек Сыдыканов билдирди.

Анын айтымында, 5 миллион 783 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

“Экономика жандана баштагандан бери жалпы 23 753 объект текшерилди. Алардын арасында: тамактануу жайлары, бала бакчалар, коммуналдык багыттар боюнча жана башка объектилер бар. Жыйынтыгында санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн 3 миң 365 протокол түзүлдү, 13 миң 192 санитардык көрсөтмөлөр, 925 жооптуу кишиге эскертүү берилди”, - деди ал.

Сыдыканов кошумчалагандай, 157 материал сот органдарына, 220 материал укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий