• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус катталган жок. 146 адам обсервацияда жатат – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Ал белгилегендей, Кытайдан жана эпидемиологиялык абал туруктуу болбогон жерлерден келген жарандар карантинге алынууда. Бардык тиешелүү органдар тарабынан алдын алуу чаралары көрүлүп жатат.

"146 киши обсервацияда жатат. 531 киши жашаган жери боюнча дарыгерлердин кароосунда турат. Жашаган жери боюнча кароого жөнөтүлгөндөрдүн анализдери терс чыккан. Алар жашаган жеринен башка жакка кетпеши керек. Эл чогулган жерлерге, туугандарына конокко барбашы керек деп эскертебиз", - деди ал.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча учурда дүйнөдө 79 миң 311 киши коронавируска чалдыккан учурлар катталган. Анын 98%дан ашыгы Кытайда болууда. Ошондой эле дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө коронавирус катталган.

Пикир

Оставить комментарий