• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус катталган жок — саламаттык сактоо министри

Ден соолук 0


Бишкек, 21.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын аймагында коронавируска чалдыккан учур катталган жок. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү абал Кыргызтандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө.

"Кыргызстанда коронавирус катталган жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан республикалык жана ыкчам штаб уюштурулган, ал күнү-түнү иштейт. 22 санитардык-карантиндик жана убактылуу медициналык пункттарда эпидемияга каршы иш-чаралар күнү-түнү жүргүзүлүп жатат", - дейт министр.

Ал маалымдагандай, санитардык-карантиндик пункттарда жана обсервациялоо, госпиталдаштыруу пункттарында 99 дарыгер, 341 эпидемиолог, санитардык дарыгерлер жана лаборатордук кызматкерлер иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий