• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн дарыгерлер жетиштүү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 29.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус менен күрөшүү үчүн дарыгерлер жетиштүү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

"Калк арасында адис дарыгерлер жетиштүүбү деген суроо жаралып жатат. Бул жагынан маселе жок. Бизде 42 пульмонолог, жугуштуу оорулар боюнча 267 дарыгер, 644 анестезиолог-реаниматолог адис бар. Андан тышкары резерв катары башка профилдеги адистерди окутуп жатабыз", - деди ал.

Акыркы маалыматтарга ылайык Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталды. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84кө жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий