• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтапты дарылоого канча каражат сарпталууда? – министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтапты дарылоого 3 миң долларга жакын каражат сарпталууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында ага Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска чалдыккан бейтапты дарылоого 3 миң доллар кетип жатканын билдирди, Кыргызстанда канча сарпталууда деген суроо узатылды.

"Учурда биз ар бир учур боюнча социалдык-экономикалык чыгымды эсептегенге жетишкен жокпуз. Бирок дарылоо иштерине Өзбекстандагыдай чыгым кетип жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-апрелге карата коронавирус жуктурган 25 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 656ны түзөт. Алардын ичинен 322 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий