• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын арасында антибиотиктерди ичкендер көп болуп жатат - пульмонолог

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын арасында антибиотиктерди ичкендер көп болуп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен катуу ооруп, ооруканага жаткырылгандардын аз бөлүгүнө гана антибиотиктер берилет.

“Коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн антибиотиктер кооптуу. Үйдө дарылангандар антибиотик ичпеши керек. Биз калкыбызды антибиотиктерден сакташыбыз керек. Себеби антибиотиктер көп ичилип жатат. Антибиотиктер ооруканага жаткырылып, катуу ооруп жаткан бейтаптарга гана берилиши кажет. Үй шартында дарылангандар антибиотикти такыр ичпеши керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий