• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус оорусу жогорку чегине жетти деп айтууга болот – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус оорусу жогорку чегине жетти деп айтууга болот. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Ооруканадан чыгарылган жана жаңы чыккан учурлардын ортосунда айырма бар. Ал айырма оң жакка болуп жатат. 48 адам айыгып чыкса, 19 жаңы учур катталды. Жакшы тенденция бар жана адис катары оорунун жогорку чегине жетти десе болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирус жуктурган 19 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 631ди түзөт. Алардын ичинен 302 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий