• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус учурлары катталган жок – Чолпонбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус учурлары катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал турукту. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөдө коронавируска 1 миң 545 киши текшерилип, алардын баарынын жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн. Анын айтымында коронавируска текшерүү үчүн тесттер жетиштүү.

Аны менен бирге ал Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронависусту пандемия деп тааныганын, бирок бул боюнча ызы-чуу болуунун кереги жок экендигин айтып өттү.

"Бизде эпидемия жана пандемия деген эки терминология бар. Бир аймакта оору катталса эпидемия, ал оору бүт кеңири аймакка жайылган учурда пандемия деп айтылат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсү, бардык мамлекеттер алдын алуу чараларын күчөтүүсү, аны жайылышына бөгөт коюусу үчүн айтылды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий