• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жана пневмония учурлары төмөндөөдө – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын лабораториялык жактан тастыкталган жана тастыкталбаган учурлары, ошондой пневмониянын (клиникалык көрсөткүчтөрү бар) катталган учурлары азаюуда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавирус аныкталган, ошондой эле анализи терс жыйынтык көрсөткөн бирок, пневмония менен ооруган (клиникалык көрсөткүчтөрү бар) адамдардын статистикасы бириктирилди.

“Сутка ичинде өлүмдүн статистикасы төмөндөдү. Алсак, акыркы сутка ичинде коронавирус аныкталган эки адам, ал эми пневмония менен жабыркаган 32 адам каза болду. Бардыгы 34 адамды түзөт”, - деди ал.

Каратаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий