• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 283 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 27.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 283 адам дарыланууда. Бул тууралуу коронавируска каршы Рреспубликалык штабдан билдиришти.

Штабдын билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 693 бейтап, үй шартында 1 миң 590 адам дарыланууда. "Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен каза болгон жаңы учурлар катталган жок", - деп кошумчалашты штабдан.

Белгилей кетсек, 27-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 161 жаңы учур катталып, жалпы илдетти жуктуруп алгандардын саны 46 миң 251 адамга жетти. Алардын ичинен 42 миң 453 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий