• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 336 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 336 адам дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 545 бейтап, үй шартында 1 миң 791 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 71 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 542ни түзөт. Алардын ичинен 41 миң 796 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий