• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 358 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 358 адам дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында
саламаттык сактоо министрлигинин саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал билдиргендей, үй шартында 1 миң 849 адам дарыланып жатат. Ал эми ооруканаларда 509 бейтап дарыланууда.

"Бишкек шаарында 107 киши, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 37, Ош облусунда – 79, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 66, Жалал-Абад облусунда – 80, Талас облусунда – 14, Баткен облусунун ооруканаларында 104 бейтап дарыланууда", - деди ал.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 73 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 72ни түзөт. Алардын ичинен 41 миң 210 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий