• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуккан 14 жаңы учур катталды. Жалпы 58

COVID - 19 0


Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккан 14 жаңы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинен 7 учур Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда катталса, дагы 7 учур Ошто катталган. (1 - Кара-Суу, 2 - Ноокат, 3 - Өзгөндө, 1 - Ош шаарында).

"Вирус жуктуруп алгандардын 10 - эркек киши, 4 - аял. Жаш курактары 1ден 60 жашка чейинкилер. Жаңы катталган 14 учурдун 5ө Сауд Арабиядан келгендер болсо, 9 адам алар менен байланышта болгондор. Коронавирус тастыкталган жарандар менен байланышта болгон адамдар аныкталып, үй карантинине алынды. Ошентип, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусту жуктурган 58 учур тастыкталды", - деп кошумчалады ал.

Алардын ичинен:

-Жалал-Абад облусунда – 26,
-Ош облусунда – 27,
-Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган),
-Баткен облусунда – 1.

Пикир

Оставить комментарий