• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккан 9 адамдын абалы оор, бешөө реанимацияда - министр

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, бешөө реанимацияда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын билдирүүсүнө таянсак, бүгүнкү күндө 241 киши ооруканада жатат.

"9 адамдын абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө, атайын дем алдыруучу аппаратка кошулган, кислород менен дем алып жатат. Эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда", - дейт ал.

7-апрель саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 42 жаңы учур катталды. Анын ичинен 16сы эркек жана 26сы аял. Бишкекте - 10, Чүй облусунда - 2, Ош облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 1, Нарын облусунда - 5 адам. Ошентип, жалпы өлкө боюнча COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 270 кишиге жетти. Анын ичинен 32 медицина кызматкери ооруну жуктуруп алган. Илдеттен 4 адам каза болду.

270 учурдун ичинен; Ош облусунда - 97, Ош шаарында - 33, Жалал-Абад облусунда - 81, Баткен облусунда - 4, Нарын облусунда - 10, Чүй облусунда - 7, Бишкек шаарында - 35, Ысык-Көл облусунда - 3 адам бар.

Пикир

Оставить комментарий