• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен 1 миң 769 адам жакын байланышта болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жалпысынан 7 миң 877 адам байланышта болгон. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алардын ичинен 1 миң 769 адам жакын байланышта болгон (1-категория). Ал эми башка байланышта болгондордун саны 6 миң 108ди түзөт.

"Учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган", - дейт Үсөнбаев.

Эске салсак, Кыргызстанда 19-апрелге карата коронавирус жуккан жаңы 48 учур катталып, жалпы ооругандардын саны 554кө жетти. Алардын ичинен 134ү медицина кызматкери. Өлкө боюнча 133 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий