• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен 3 миң 9 адам байланышта болгон - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3 миң 9 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Акматова кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң адам жатат.

Белгилей кетсек, 29-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 21 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 729 учуру катталды. Алардын ичинен 437 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда стационарда 284 адам бар, алардын ичинен төртөө реанимацияда. Сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий