• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 21 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 21 миң 145 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

"Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Учурда 2 миң 480 адам үй карантининде дарыланып жатат. Стационарда 750 бейтап жатат, анын ичинен 19у реанимацияда", - деп маалымдады Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-июлга карата коронавирус жуктурган 439 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 5735ти түзөт. Алардын ичинен 2443 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 62 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий