• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 3,2 миңге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2-майга карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3 миң 232 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Акматова кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 828 адам жатат.

Белгилей кетсек, 2-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 13 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 769 учуру катталды. Алардын ичинен 200ү медицина кызматкерлери. Учурда стационарда – 234 жатат, алардын ичинен бешөө реанимацияда. 527 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми сегиз адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий