• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 4 миң 214тү түздү

COVID - 19 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгондордун саны 4 миң 214тү түздү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

“Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 197 адам жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 9-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 25 жаңы учур катталып, жалпы 931 учурга жетти. Анын ичинен 231и медицина кызматкерлери. Стационарда 261 адам жатат, алардын ичинен алтоо реанимацияда. Ооруканадан 658 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми коронавирус жуккан 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий