• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 18 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Коронавирус жуктургандар менен 18 миң 623 жаран байланышта болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирус жуктурган 235 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4748ди түзөт. Алардын ичинен 2242 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 47 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий