• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 3,8 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 3 миң 855ке жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингдин жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 675 адам жатат.

Белгилей кетсек, 6-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 28 жаңы учур катталып, жалпы 871 учурга жетти. Анын ичинен 221и медицина кызматкерлери. Стационарда 245 адам жатат, алардын ичинен төртөө реанимацияда. Ооруканадан 614 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми коронавирус жуккан 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий