• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 4,5 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 12-майга карата 4 миң 594 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1109 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур табылып, жалпы СOVID-19 вирусун жуктуруунун 1037 учуру катталды. Алардын ичинен 709 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий