• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 5,3 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 17-майга карата 5 миң 307 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 184 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле акыркы сутка ичинде коронавирусту аныктоочу 2 миң 362 изилдөө жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 1138ге жетти. Алардын ичинен 251и медицина кызматкери. Илдеттен 804 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий