• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 6,4 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 21-майга карата 6 миң 435 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 902 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Ошондой эле акыркы сутка ичинде коронавирусту аныктоочу 1 миң 894 изилдөө жүргүзүлгөн.

Белгилец кетсек, Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Алардын ичинен 270и медицина кызматкери. Илдеттен 929 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий