• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 6,7 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 24-майга карата 6 миң 775 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Анын айтуусунда, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Башкы санитардык дарыгер кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 901 адам жатат.

Белгилей кетсек, 24-майга карата Кыргызстанда коронавирус дагы 38 адамдан табылды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1403тү түзөт. Алардын ичинен 980 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий