• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 7,4 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 31.05.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 31-майга карата 7 миң 426 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Анын айтуусунда, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Башкы санитардык дарыгер кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 241 адам жатат.

Белгилей кетсек, 31-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 26 жаңы учур аныкталып, жалпы COVID-19 вирусун жуктуруунун 1748 учуру катталды. Алардын ичинен 1170 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий