• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 7,7 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны 3-июнга карата 7 миң 713 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү акыркы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Анын айтуусунда, байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал.

Башкы санитардык дарыгер кошумчалагандай, Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 380 адам жатат.

Белгилей кетсек, 3-июнга карата коронавирус жуккан жаңы 26 учур аныкталып, Кыргызстан боюнча COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулардын саны 1871ди түздү. 1265 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды, учурда 586 адам стационарда, ал эми коронавирустан 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий