• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 8,4 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 7-июнга карата 8 миң 415 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 461 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, 7-июнга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 33 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2007ни түзөт. Алардын ичинен 1425 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 22 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий