• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 8 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 5-июнга карата 8 миң 46 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 132 адам жатат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуккан 37 жаңы учур аныкталып, COVID-19 вирусун жуктуруунун 1936 учуру катталды. Алардын ичинен 378и медицина кызматкери. Илдеттен 1340 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 22 адам каза (+2 учур бүгүн катталды) болду.

Пикир

Оставить комментарий