• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 9,7 миңден ашты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 14-июнга карата 9 миң 711 адамга жетти. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Билдирүүгө ылайык, учурда байланышта болгондордун бардыгы медициналык көзөмөлгө алынып, текшерүүгө алынган.

"Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 миң 507 адам жатат", - деп маалымдашты штабдан.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-июнда республика боюнча коронавирус жуккан жаңы 78 учур аныкталып, COVID-19 инфекциясын жуктуруу жалпы 2285 учурга жетти. Анын ичинен 438и медицина кызматкерлери. Жалпы илдеттен 1791 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми коронавирус жуккан 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий