• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 10 адамдын абалы оор, анын төртөө реанимацияда

COVID - 19 0

Бишкек, 29.04.20. /Кабар/. Коронавирус жуктурган 10 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Ал белгилегендей, учурда 284 адам бейтапканаларда дарыланууда.

"10 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 52 бейтаптын абалы орточо оор. 222 бейтаптын абалы канааттандырарлык", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 29-апрелге карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 729ду түзөт. Алардын ичинен 437 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий